ПОЛЬЗОВАТЕЛЬСКОЕ СОГЛАШЕНИЕ

Колдонуучу менен түзүлгөн ушул Макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Сервисти, анын ичинде App Store, Google Play жана AppGallery тиркемелеринин дүкөндөрүндө жайгашкан «City Pay» мобилдик тиркемесин пайдалануунун шарттарын жөнгө салат жана жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жол кыймылынын эрежелерин бекитүү жөнүндө” 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген жол кыймылынын эрежелерин (мындан ары – ЖКЭ) бузгандыгы үчүн айыптар жөнүндө маалыматтарды алуу жана бул айыптарды төлөө үчүн багышталган, ошондой эле Колдонуучулардын жана Сервисти Башкаруучу Компаниясынын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат.

Бул Макулдашуу Колдонуучу менен Сервисти Башкаруучу Компаниянын ортосунда түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 396-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык айкын оферта болуп саналат. Колдонуучунун Сервистеги атайын форманын жардамы менен ЖКЭ бузгандыгы үчүн айыптар жөнүндө маалыматты алууга суроо-талап жөнөтүү боюнча аракети Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 399-беренесине ылайык офертанын акцепти болуп саналат жана Колдонуучунун ушул Макулдашуунун бардык шарттарын сөзсүз кандайдыр бир өзгөчөлүксүз же чектөөсүз кошулуу шартында (оферта акцепти менен) кабыл алышын түшүндүрөт.

Колдонуучу Сервисти колдонуудан мурун ушул Макулдашуу менен таанышып чыгышы керек. Эгер Колдонуучу Макулдашуунун шарттары менен жалпысынан же анын кандайдыр бир бөлүгү менен макул болбосо, Сервисти колдонбошу керек.

1.    Терминдер жана аныктамалар

1.1.    Сервис – Башкаруучу Компанияга тиешелүү мобилдик тиркеме, веб-сайт жана башка интерфейстер жана ЖКЭни бузгандыгы үчүн айыптар жөнүндө жана аларды төлөө тууралуу маалыматты алуу үчүн багышталган.

1.2.    Башкаруучу Компания – «Сити Софт» жоопкерчилиги чектелген коом, ЖСН 00912202010247, ИУЖК 30953252, дареги: 720001, Бишкек ш., Исанов көч., 79, Бизнес-Борбор «79».

1.3.    Колдонуучу – Сервисти колдонууга толук жөндөмдүү жеке адам же юридикалык жак.

1.4.    Айып – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жол кыймылынын эрежелерин бекитүү жөнүндө” 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып түрүндөгү административдик жаза.

1.5.     Каражаттарды алуучу – анын пайдасына акча каражаттарын которууну ашырган жак. Каражаттарды алуучу башка насыялык уюм тарабынан тейлениши мүмкүн.

1.6.    Колдонуучунун маалыматтары – Колдонуучунун телефонунун номуру, Колдонуучунун электрондук почтасынын дареги, транспорттук каражат жөнүндө маалыматтар.

1.7.    Транспорттук каражат жөнүндө маалыматтар – Колдонуучунун транспорттук каражатынын мамлекеттик каттоо номуру, Колдонуучунун транспорттук каражатынын каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн номуру, Колдонуучунун айдоочулук күбөлүгүнүн номуру жөнүндө маалыматтар, транспорттук каражаттын маркасы, чыгарылган жылы, кубаттуулугу, VIN, транспорттук каражаттын паспортунун (ТКП) маалыматтары, Колдонуучунун транспорттук каражаты жөнүндө башка маалыматтар.

1.8.    Жеке маалыматтар – мындай маалыматтын негизинде белгиленген же белгилене турган жеке адамга тиешелүү маалымат.

1.9.    Жеке маалыматтарды иштетүү – жеке маалыматтар менен жүргүзүлгөн аракеттер (операциялар), анын ичинде жеке маалыматтарды чогултуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), колдонуу, жайылтуу (анын ичинде өткөрүп берүү), инсансыздандыруу, бөгөт коюу, жок кылуу.

1.10.    Оператор – каражаттарды алуучуга акча каражаттарды которуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар юридикалык жак.

1.11.    Тапшырма – Оператордун Колдонуучунун айыптарын тиешелүү акыга төлөөсү. Төлөм Колдонуучунун атынан Башкаруучу Компания тарабынан демилгеленет.

1.12.    Колдонуучунун Жеке кабинети – Колдонуучунун жеке маалыматтарын камтыган Сервистин бөлүгү. Алсак, Колдонуучунун айыптары жөнүндө маалыматтар.

1.13.    Премиум Жеткиликтүүлүк – лицензиялык келишимде каралган чектерде жана жөнөкөй (өзгөчө эмес) лицензиянын шарттарында Тиркеменин атайын функцияларын пайдалануу укугун берүү: транспорттук каражат жөнүндө чексиз сандагы маалыматтарды кошуу, маалымат базасына айыптар жана башка функциялар боюнча суроо-талаптарды киргизүүдө артыкчылык тартиби, аларды берүү Башкаруучу Компания менен Колдонуучунун ортосунда түзүлгөн лицензиялык келишимдин шарттарында жүзөгө ашырылат.

2.    Макулдашуунун Предмети

2.1.    Ушул Макулдашуунун предмети Башкаруучу Компания тарабынан Колдонуучуга Айыптар жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча, жаңы Айыптар жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча Сервис кызматтарын көрсөтүү, Тапшырмаларды демилгелөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

3.    Кызмат көрсөтүүнүн тартиби

3.1.    Айыптар жөнүндө маалыматты алуу үчүн Колдонуучу Сервистин тиешелүү формасына транспорттук каражат жөнүндө маалыматтарды киргизет. Сервис Колдонуучунун Каттоо эсебин түзөт жана Айыптарды мобилдик тиркемеде чагылдырат. Колдонуучуга Сервистин тиешелүү формасына транспорттук каражат жөнүндө маалыматтарды үч жолудан ашык эмес жолу (үчүнчү жолкуну кошо алуу менен) акысыз киргизүү мүмкүнчүлүгү берилет. Эгер көбүрөөк сандагы транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматты киргизүү зарыл болсо, Колдонуучуга лицензиялык келишимдин негизинде Премиум Жеткиликтүүлүктү сатып алууга мүмкүнчүлүк берилет.

3.2.    Жаңы айып пайда болсо, Колдонуучу push-билдирүүнү алат, аны активдештиргенде Колдонуучу мобилдик тиркемеге өтүп, айыптар менен тааныша алат. Бул кызмат менен пайдаланууга жетүү үчүн Колдонуучу Айыптар мобилдик тиркемесине push-билдирүүнү алууга уруксат бериши керек.

3.3.    Колдонуучу эсепке алынган төлөнбөгөн айыптар жөнүндө маалыматты алгандан кийин Тапшырманы “Төлөө” баскычын басуу жолу менен жол-жоболоштурууга мүмкүнчүлүк алат.

3.4.    Тапшырманы аткаргандыгы үчүн Оператордун сый акысы Айыптын суммасына (КНСтен тышкары) жараша ченелген комиссия түрүндө аныкталат жана Сервистин айып төлөмүн тастыктоо барагында төлөм жүргүзүлгөнгө чейин көрсөтүлөт. Оператор сый акынын өлчөмүн Колдонуучуну алдын ала маалымдабастан бир тараптуу өзгөртүүгө укуктуу.

3.5.    Колдонуучу акча каражаттарын Каражаттарды алуучуга айыпты төлөө жана Оператордун сый акысын төлөө үчүн электрондук төлөм каражаттарын колдонуу менен төмөнкү тартипте которот: Колдонуучу табыштаманы жайгаштыргандан кийин Сервисте көрсөтүлгөн Оператордун формасында банктык төлөм картасынын же башка төлөм каражаттарынын реквизиттерин көрсөтөт жана төлөм тутумунун интерфейсиндеги тиешелүү баскычты басуу менен акча каражаттарын которот.

3.6.    Сервис үчүн банктык төлөм карталары боюнча жана башка төлөм тутумдарынын жардамы менен төлөмдөрдү иштетүү жана авторизациялоо боюнча кызматтар Оператор тарабынан көрсөтүлөт.

4.    Конфиденциалдуулук жана жеке маалыматтар

4.1.   Сервисти пайдаланууда Колдонуучу Жеке маалыматтарын көрсөтөт жана конфиденциалдуулук шартында аларды иштетүүгө макулдугун берет.

4.2.    Мыйзамдардын талаптарын аткарууга байланыштуу Жеке маалыматтарды кол менен иштетүү зарыл болгон учурлардан тышкары Колдонуучулардын жеке маалыматтары электрондук алып жүрүүчүлөрдө гана сакталат жана автоматташтырылган тутумдар аркылуу иштетилет.

4.3.    Жеке маалыматтарды сактоо жеке маалыматтарды иштетүү максаттарында талап кылынгандан узак эмес убакытка Жеке маалыматтардын субъектисин аныктоого мүмкүндүк берүүчү формада жүзөгө ашырылат, эгерде жеке маалыматтарды сактоо мөөнөтү мыйзам, келишим менен белгиленбесе, келишимдин тарабы, пайда алуучусу же кепили Жеке маалыматтар субъектиси болсо. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, иштетилген жеке маалыматтар иштетүү максаттарына жеткенде же бул максаттарга жетүү зарылчылыгы жоголгондо жок кылынууга же инсансыздандырылууга жатат.

4.4.    Айыптарды төлөөдө банк картасынын реквизиттери, ошондой эле анын ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты Колдонуучу тарабынан онлайн-формага терилип киргизилет. Мындай учурда маалымат түздөн-түз Операторго жөнөтүлөт.

4.5.    Сервистин Башкаруучу Компаниясы Колдонуучунун Жеке маалыматтарынын конфиденциалдуулугун сактоого жана Колдонуучунун уруксаатысыз Жеке маалыматтарын үчүнчү жактардын колдонуусуна жол бербөөгө милдеттенет.

4.6.    Колдонуучу үчүнчү жактын маалыматтарын пайдаланган учурда, Колдонуучу мындай маалыматтарды колдонууга жана тиешелүү маалыматты алууга ыйгарым укугу бар экенине кепилдик берет жана Колдонуучунун маалыматтарын пайдаланууга ыйгарым укугу жок болгон учурда өз алдынча жоопкерчилик тартат.

4.7.    Колдонуучу жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде сырбелгини үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укугу жок, сырбелги бар болгон учурда аны сактоо ыкмасын өз алдынча тандап, анын коопсуздугу үчүн толук жоопкерчилик тартат.

5.    Жоопкерчиликти чектөө

5.1.    Сервисти Башкаруучу Компанияы Колдонуучуга Айыптар жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматты алууга жана берүүгө бардык күчүн жумшайт жана ал маалыматты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” МИ, ички иштер ыйгарым укуктуу органынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмдөр сыяктуу расмий булактардан алып турат. Ошону менен бирге Сервис берилген маалыматтын тактыгы жана актуалдуулугу үчүн жооп бербейт. Маалыматтын аныктыгынан шектенүүлөр пайда болгон учурда Сервисти Башкаруучу Компаниясы Колдонуучуга Сервисти колдонууну токтотууну жана маалыматты тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББнын аймактык башкармалыгына же КРдин ИИМинин ЖКККББнын Мониторинг борборуна кайрылууну сунуштайт.

5.2.    Сервисти Башкаруучу Компаниясы Тапшырмалардын аткарылышынын кечиктирилиши, тактап айтканда, Оператор Айыптарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт. Сервисти Башкаруучу Компаниясы Колдонуучуга Сервис берген Айыптарды төлөгөндүгү жөнүндө маалыматты сактоону жана шектенүүлөр пайда болгон учурда төлөм жөнүндө маалыматты тактоо үчүн КРдин ИИМинин ЖКККББнын аймактык башкармалыгына же КРдин ИИМинин ЖКККББнын Мониторинг борборуна кайрылууну сунуштайт.

5.3.    Айыптарды төлөө жана кызматтарды көрсөтүү боюнча Тапшырмаларды Сервис каалаган убакта аткарат, бирок Башкаруучу Компания Сервистин иштөөсүндө техникалык үзгүлтүктөрдүн болбошуна кепилдик бербейт.

5.4.    Башкаруучу Компания Колдонуучунун алдында үчүнчү жактардын же Сервистин өнөктөштөрүнүн аракетинен же аракетсиздигинен улам түз же кыйыр түрдө пайда болгон кечиктирүүлөр, жумуштагы үзгүлтүктөр жана Сервистин ресурстарын пайдалана албагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

5.5.    Башкаруучу Компания жоголгон киреше жана алынбай калган пайда үчүн, ошондой эле Сервисти пайдаланган же пайдаланбаган мезгилде Колдонуучу тарткан каалаган кыйыр чыгашалар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

5.6.    Башкаруучу Компания үчүнчү жактардын Жеке кабинетке кирүүсүнөн келип чыккан түз же кыйыр зыяны үчүн жооптуу эмес.

5.7.    Башкаруучу Компания үчүнчү жактар тарабынан иштелип чыккан программалык камсыздоону колдонуунун натыйжалары үчүн жооптуу эмес.

6.    Форс-мажор

6.1.    Сервисти Башкаруучу Компания форс-мажордук мүнөздөгү жагдайларга (жеңилгис күчтөрдүн күтүлбөгөн жагдайларга) жооп бербейт жана Сервисти Башкаруучу компанияны мындай аткарбагандыгы үчүн бул жагдайлардын (табигый кырсыктар, иш таштоолор, согуш, мамлекеттик органдар тарабынан Макулдашууну аткарууга тоскоолдук кылган мыйзамдарды жана мыйзамдык актыларды кабыл алуу жана башкалар) мөөнөтүнө жоопкерчиликтен бошотот.

7.    Талаш-тартыштарды чечүү

7.1.    Ушул Макулдашуунун текстинде чечилбеген маселелер боюнча Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.

7.2.    Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талаш-тартыштар чечилбесе, талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте Сервисти Башкаруучу Компаниянын жайгашкан жери боюнча сотко кароого жиберилүүгө тийиш.

8.    Макулдашуунун иштөө мөөнөтү

8.1.    Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү.

9.    Корутунду жоболор

9.1 Башкаруучу Компания бул Макулдашууну каалаган убакта алдын ала эскертүүсүз өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.

9.2. Эгерде бул Макулдашуунун кайсы бир шарты сот же башка компетенттүү орган тарабынан жараксыз, мыйзамсыз же аткарылууга мүмкүн эмес деп табылса, бул Макулдашуунун калган шарттарынын жарактуулугуна, мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө таасирин тийгизбейт.