КОНФИДЕНЦИАЛДУУЛУК САЯСАТЫ

10.04.2022-жылдагы версиясы

Ушул документ “Сити Софт” ЖЧКнын (мындан ары – “Коом”) жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо, аларды иштетүү жаатындагы саясатты аныктайт жана “Сити Софт” ЖЧКсы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө иштеткен бардык жеке маалыматтарга карата иш алып барат.

Саясаттын колдонуудагы электрондук версиясы Интернет тармагындагы Коомдун сайтында жалпыга жеткиликтүү.

Терминдер жана аныктамалар:

Жеке маалыматтар (мындан ары – “ЖМ” же “жеке маалыматтар”) – тике же кыйыр аныкталган же аныкталуучу жеке адамга (ЖМдин субъектисине) тиешелүү ар түрдүү маалымат.

Жеке маалыматтардын субъектиси (мындан ары – жеке маалыматтардын субъектиси же Колдонуучу) – аны тике же кыйыр аныктаган жеке маалыматтарга ээ болгон жеке адам. Ушул документте «City Pay» тиркемеси же Коомдун сайты аркылуу сатылган банк өнүмдөрүнө табыштама берүү, сатып алуу ниети бар, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар жөнүндө маалыматты алган жана аларды кийин жеке, үй бүлөлүк, үй чарбачылык жана ишкердикти жүргүзүү менен байланышпаган башка муктаждыктар үчүн гана колдонгон жеке адам.

«City Pay» тиркемеси – бир нече версиядан турган жана «Google Play», «Apple Store» жана башка ушул сыяктуу колдонулуп жаткан сервистер же келечекте пайда боло турган атайын сервистер аркылуу мобилдик түзүлүштөргө акысыз орнотуу үчүн жеткиликтүү мобилдик түзүлүштөр үчүн программа (алардын ар бири окшош касиеттерге жана функцияларга ээ). Мобилдик тиркеменин версиялары алар орнотула турган мобилдик түзүлүштөрдүн операциялык тутумдарынын айырмалары менен негизделген айырмачылыктарга ээ болушу мүмкүн. Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар жана аларды төлөө жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн иштелип чыккан.

Коомдун сервистери – Коомдун сайты жана «City pay» тиркемеси.

Коомдун дареги – жайгашкан ордуна жараша юридикалык жактын дареги. Коомдун дареги: 720001, Бишкек ш., Исанов көч., 79, 505-бөлмө.

Жеке маалыматтарды иштетүү – автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен же мындай каражаттарды колдонбостон жеке маалыматтар менен жүргүзүлгөн ар кандай аракеттер (операциялар) же иш-аракеттердин (операциялардын) жыйындысы, анын ичинде жеке маалыматтарды чогултуу, эсепке алуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), чыгаруу, колдонуу, өткөрүп берүү (таратуу, берүү, жетүү), инсансыздандыруу, бөгөт коюу, жоюу, жок кылуу.

Автоматташтырылган иштетүү – компьютердик техника каражаттарын колдонуу менен жеке маалыматтарды иштетүү.

Кол менен иштетүү – жеке маалыматтардын маалымат тутумунда камтылган же мындай тутумдан чыгарылып салынган жеке маалыматтарды адамдын түздөн-түз катышуусу менен иштетүү.

Билдирме – жеке маалыматтар субъектисинин электрондук почтасынын дарегине жөнөтүлгөн жана жарнамалык-маалыматтык мүнөздөгү маалыматты камтыган электрондук формадагы кат.

Ушул Саясат төмөнкү ченемдик актыларды эсепке алуу менен иштелип чыккан:

    Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

    Кыргыз Республикасынын “Маалыматташтыруу жөнүндө” 1999-жылдын 08-октябрындагы № 107 Мыйзамы;

    Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 Мыйзамы;

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому;

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 токтому;

    башка колдонуудагы актылар.

1. Жалпы жоболор

Коом Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жоболоруна ылайык жеке маалыматтарды иштетүүдө алардын конфиденциалдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылат.

Жеке маалыматтарды иштетүүдө Коом жеке маалыматтарды иштетүүнүн принциптерин жана эрежелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик актылары жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдери менен каралган башка талаптарды сактайт.

2. Коомдун жеке маалыматтарды иштетүүсүнүн принциптери

2.1. Коомдо жеке маалыматтарды иштетүү төмөнкү принциптерде негизделет:

• жеке малыматтарды иштетүүнүн максаттарынын жана ыкмаларынын мыйзамдуулугу жана ак ниеттүүлүгү;

• жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттарынын жеке маалыматтарды чогултуу учурунда алдын ала аныкталган жана жарыяланган максаттарга, ошондой эле ыйгарым укуктарга шайкештиги;

• иштетилген жеке маалыматтардын көлөмүнүн жана мүнөзүнүн, жеке маалыматтарды иштетүү ыкмаларынын жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттарына шайкештиги;

• жеке малыматтардын ишенимдүүлүгү, аларды иштетүү максаттары үчүн актуалдуулугу жана жетиштүүлүгү, жеке маалыматтарды чогултуу максаттарына карата ашыкча иштетүүгө жол берилбестиги;

• жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук жана техникалык чаралардын мыйзамдуулугу;

• жеке маалыматтарды коргоо тутумун үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө умтулуу.

3. Жеке маалыматтарды иштетүүдө Коом тарабынан кабыл алынган чаралар

3.1. Жеке маалыматтарды иштетүүдө Коом өзүнүн кароосу боюнча аларга уруксатсыз же кокустан кирүүдөн, жеке маалыматтарды жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөт коюудан, көчүрүүдөн, өткөрүп берүүдөн, таратуудан, ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка мыйзамсыз аракеттерден коргоо үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт, анын ичинде:

• жеке маалыматтардын маалымат тутумдарында аларды иштетүүдө жеке маалыматтардын коопсуздугунун коркунучтарын аныктайт;

• жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт, анын ичинде аткарылышын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жеке маалыматтарды коргоонун деңгээлдерин камсыздаган жеке маалыматтардын корголушуна коюлган талаптардын аткарылышы үчүн зарыл болгон жеке маалыматтардын маалымат тутумдарында аларды иштетүүдө;

• белгиленген тартипте өткөн маалыматты коргоо каражаттарынын шайкештигин баалоо жол-жобосунун тартибин колдонот;

• жеке маалыматтардын маалыматтык тутумун ишке киргизүүгө чейин жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугун баалайт;

• жеке маалыматтардын машина алып жүрүүчүлөрүн эсепке алууну камыз кылат;

• жеке маалыматтарга уруксатсыз кирүү фактыларын өз убагында аныктоону камсыз кылат жана мындай учурларды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды көрөт;

• жеке маалыматтарга уруксатсыз кирүүнүн натыйжасында өзгөртүлгөн же жоюлган жеке маалыматтарды калыбына келтирет;

• жеке маалыматтардын маалымат тутумунда иштетилген жеке маалыматтарга жетүү эрежелерин белгилейт, ошондой эле жеке маалыматтардын маалымат тутумундагы жеке маалыматтар менен жүргүзүлгөн бардык иш-аракеттерди каттоону жана эсепке алууну камсыз кылат;

• жеке маалыматтардын коопсуздугун жана жеке маалыматтардын маалымат тутумдарынын коргоо деңгээлин камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга контролдук жүргүзүүнү камсыз кылат.

3.2. Коом тарабынан иштелип жаткан жеке маалыматтар менен иштөө кызматтык функцияларына ушундай маалыматтар жана документтер менен иштөө кирген адамдар үчүн гана жеткиликтүү. Коом өз кызматкерлерине жеке маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берет жана бул маалыматты алардын субъектилери аныктаган жеке маалыматтарды иштетүү максаттары үчүн зарыл болгон жеке маалыматтар менен гана чектейт.

3.3. Коом колдонуучулардын жеке маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн төмөнкү учурларда берүүгө укуктуу:

• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамдарда көрсөтүлгөн тарапка берүү каралганда, уруксат берилгенде же талап кылынганда;

• жеке маалыматтардын субъектиси жеке маалыматтарды алуучуга берүү үчүн өзүнүн макулдугун бергенде.

4. Иштелген маалыматтардын түрлөрү

4.1. Коом төмөнкү жеке маалыматтарды иштетет:

• жеке маалыматтардын субъектисинин фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы;

• жеке маалыматтардын субъектисинин туулган күнү (жашы);

• жеке маалыматтардын субъектисинин паспорттук маалыматтары (сериясы, номуру, ким тарабынан жана качан берилди, жашоо жери боюнча каттоо дареги);

• жеке маалыматтардын субъектисинин айдоочулук күбөлүгүнүн номуру жана берилген күнү, айдоочулук күбөлүктүн башка маалыматтары;

• банк реквизиттери (банк карталарынын маалыматтары);

• байланыш маалыматтары (телефон номуру, электрондук почтанын дареги);

• Коомдун интернет-ресуртарына кирүүдө http-сервери тарабынан автоматтык түрдө алынган стандарттык маалыматтар;

• үчүнчү жактардын интернет-ресуртарына кирүүдө http-сервери тарабынан автоматтык түрдө алынган стандарттык маалыматтар;

• Коомдун тиешелүү интернет-сервистерин жана үчүнчү жактардын интернет-сервистерин каттоодо жана колдонууда колдонуучулардын демилгеси боюнча Коом тарабынан толтурулган жана жөнөтүлгөн маалыматтар;

• Коомдун OpenID жана OAuth протоколдорун колдонуунун алкагында өнөктөштөрдөн жана үчүнчү жактардан алган маалыматтары;

• Коомдун интернет-ресурстарына кирүүдө автоматтык түрдө алынган жана браузерде сакталган, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, сакталмаларда (cookies) камтылган маалымат.

5. Жеке маалыматтардын субъектилеринин укуктары

5.1. Жеке маалыматтардын субектиси анын жеке маалыматтарын иштетүү жөнүндө маалыматты алууга укуктуу. Ал Коомдон эгер алар толук эмес, эскирген, такталбаган, мыйзамсыз алынган же иштетүүнүн айтылган максаты үчүн зарыл деп эсептелбеген учурларда бул жеке маалыматтарды тактоону, аларга бөгөт коюуну же жок кылууну талап кылууга, ошондой эле өзүнүн укуктарын коргоо боюнча мыйзам менен каралган тартипте чара көрүүгө укуктуу.

5.2. Жеке маалыматтардын субъектисинин өзүнүн жеке маалыматтарына жетүү укугу мыйзамдарга ылайык чектелиши мүмкүн, анын ичинде эгер жеке маалыматтардын субъектисинин анын жеке маалыматтарына жетүүсү үчүнчү жактардын укутарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузса.

5.3. Жеке маалыматтардын субъектиси өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, анын ичинде сот тартибинде келтирилген чыгашалардын ордун толтурууга жана/же моралдык зыянды компенсациялоого укуктуу.

5.4. Жеке маалыматтардын субъектиси Коомдун аракеттерин же аракетсиздигин жеке маалыматтардын субъектилеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылуу жолу менен даттанууга укуктуу.

5.5. Жеке маалыматтардын субъектиси жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугун төмөнкү ыкмалардын бири менен кайтарып алууга укуктуу:

• Коомго тиешелүү арыз менен жеке кайрылуу.

• Коомдун дареги боюнча почта аркылуу тиешелүү арызын жөнөтүү.

• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында тиешелүү арызды citypay@internet.ru электрондук почтага жөнөтүү.

Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугун кайтарып алуу Колдонуучунун Коомдун сервистерин колдонуудан баш тарткандыгын билдирет. Колдонуучу мобилдик түзүлүшкө орнотулган «Сity Pay» тиркемесин жок кылышы керек.

6. «Сity Pay» тиркемесинде жана Коомдун интернет-ресурстарында табыштамаларды жол-жоболоштуруунун, анкеталарды толтуруунун жана жарнамалык жана маалыматтык материалдарды жөнөтүүлөргө жазылуунун эрежелери

6.1. «Сity Pay» тиркемесин колдонууда, тиркемеде же Коомдун сайтында табыштамаларды жол-жоболоштурууда, ошондой эле Коом тарабынан тиркемеде толтуруу үчүн сунушталган ар кандай электрондук формаларды толтурууда жеке маалыматтардын субъектиси алардын ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет.

6.2. «Сity Pay» тиркемесин колдонуу, тиркемеде/сайтта каттоо, банк өнүмдөрүнө табыштама берүү, анкета, табыштама толтуруу максатында, ошондой эле жарнамалык жана маалыматтык материалдарды жөнөтүүгө жазылуу максатында жеке маалыматтардын субъектиси ушул Саясаттын бардык шарттарын кабыл алат жана «Сити Софт» жоопкерчилиги чектелген коомго (ЖСН 00912202010247; ИУЖК 30953252; РН 194105-3301-ООО) Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык Саясаттын 4.1.-пунктунда көрсөтүлгөн Жеке маалыматтардын субъектисинин жеке маалыматтарын иштетүүгө, анын ичинде автоматтык иштетүүгө, анын ичинде Колдонуучунун жеке маалыматтарын топтоого, системалаштырууга, сактоого, колдонууга, жарыялоого, жайылтууга (анын ичинде трансчекаралык берүүгө), инсансыздандырууга, бөгөт коюуга, жок кылууга макулдугун берет.

Колдонуучунун мындай макулдугун тастыктоо анын Коомдун сервистеринде (тиркемеде жана сайтта) каттоого багытталган ар кандай аракеттери болуп саналат, анын ичинде социалдык тармактардын жардамы менен тутумга кирүү жана пайдалануу.

6.3. Жеке маалыматтардын субъектисинин жеке маалыматтарын иштетүүнүн максаттары:

• колдонуучуга кызмат көрсөтүү максатында жеке маалыматтарды колдонуу;

• колдонуучу менен кайтарым байланыш түзүү, анын ичинде сайтты колдонуу, кызматтарды көрсөтүү боюнча билдирүүлөрдү, суроолорду жөнөтүү, колдонуучудан келген суроо-талаптарды жана табыштамаларды иштетүү;

• табыштаманын абалы жөнүндө сайттын колдонуучусуна билдирүү жөнөтүү;

• төлөмдөрдү иштетүү жана алуу, төлөмдү талашуу;

• колдонуучуга тиркемени/сайтты колдонуу менен байланышкан көйгөйлөр пайда болгон учурда натыйжалуу кардардык жана техникалык колдоо көрсөтүү;

• колдонуучуга Коомдун атынан жаңыртылган өнүмдөрдү, атайын сунуштарды, баалар жөнүндө маалыматтарды, жаңылык жөнөтмөлөрүн жана башка маалыматтарды берүү;

• жарнамалык ишмердүүлүктү жүргүзүү;

• өнүмдөрдү, жаңыртууларды жана кызматтарды алуу максатында колдонуучуга өнөктөштөрдүн сайттарына же сервистерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү.

6.4. Ушул Конфиденциалдуулук саясатында камтылган Коомдун жеке маалыматтарын иштетүү шарттарын кабыл алуу менен Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын Коомдун контрагенттери болуп саналган үчүнчү жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жеке маалыматтарды берүүгө, анын ичинде өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө макулдук берет: «Кыргызкоммерцбанк» ААК (РН 8235-3300-ОАО ЖСН 02910198910019, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Шопоков көч., 101). Колдонуучунун жеке маалыматтарын берүүнүн негизи Коомдун жеке маалыматтарынын оператору менен «Кыргызкоммерцбанк» ААКнын ортосунда түзүлгөн келишим болуп саналат.

Үчүнчү жакка берилип жаткан жеке маалыматтардын курамы: фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы, жашы, жашоо жеринин калк конушу, паспорттук маалыматтары, байланыш телефону, транспорттук каражаттын маалыматтары ж.б. жеке маалыматтардын субъектисине карата кызматтарды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар, социалдык тармактардагы аккаунттар жөнүндө маалыматтар. Жеке маалыматтарды берүүнүн максаты: колдонуучунун үн чалуулардын же кыска тексттик билдирмелердин (SMS) жардамы менен уюлдук же стационардык телефон аркылуу, ошондой эле жеке маалыматтардын субъектисинин электрондук почтасына банк өнүмдөрү жөнүндө жарнамалык жана маалыматтык жөнөтүүлөрдү алуу, банк өнүмдөрүн алуу, айыптарды төлөө. Жеке маалыматтар операторунун (Коомдун) тапшырмасы менен жеке маалыматтарды иштетүүчү (“Кыргызкммерцбанк” ААК) жеке маалыматтар менен төмөнкүдөй иш-аракеттерди (операцияларды) жүргүзүүгө укуктуу: эсепке алуу, системалаштыруу, өткөрүп берүү, топтоо, сактоо, алып чыгуу, колдонуу, бөгөт коюу, алып салуу, жок кылуу, инсансыздандыруу.

Ушул Конфиденциалдуулук саясатында камтылган Коомдун жеке маалыматтарын иштетүү шарттарын кабыл алуу менен Колдонуучу бул макулдугун мөөнөтсүз убакка бергендиги тууралуу кабарланганын жана Колдонуучу бул макулдукту ушул Конфиденциалдуулук саясатынын 5.5-пункту менен караштырылган ыкмалардын бири менен чакыртып алуусуна мүмкүндүк берилет.

6.5. Колдонуучу жеке маалыматтардын, анын ичинде, мисалы, антивирустарды колдонуу, сырсөздөрдү сактоо жана үчүнчү жактарга жеткиликсиз кылуу жөнүндө Коомдун сервистерин колдонуу үчүн зарыл болгон жеке маалыматтардын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Колдонуучу Коомдун сервистерине кирүү үчүн өзүнүн реквизиттерин ачыктап берген учурда, ал аларды пайдалануунун, анын ичинде сайттагы өзүнүн жеке маалыматтарына жетүүнүн бардык кесепеттери үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартат.

6.6. Электрондук формаларды толтурууда жана каттоодо Колдонуучуга башка адамдардын жеке маалыматтарын колдонууга тыюу салынат. Колдонуучу башка адамдардын жеке маалыматтарын пайдалануусунун жана Коомго административдик же башка жоопкерчилик чараларын колдонуусунун натыйжасында келтирилген зыяндын жана жоготууларынын ордун толтурууга милдеттенет. Коом бул талапты бузган Колдонуучу жөнүндө маалыматты жеке маалыматтардын башка субъектилеринин жана Коомдун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.

6.7. Колдонуучу үчүнчү жактар сунуштаган жана Коомдун сервистеринде көрсөтүлгөн кызматтарга жана өнүмдөргө табыштаманы ресурстардын өзүндө кайтарым байланыш формасы аркылуу же табыштама тиешелүү болгон Коомго телефон чалып жол-жоболоштура алат. Ошол эле учурда жеке маалыматтардын субъектиси өзүнүн жеке маалыматтарын Коом жана бул жактар тарабынан Коомдун сервистерине тиешелүү белги коюу менен берүүгө жана иштетүүгө макулдугун берет. Коомдун жеке маалыматтарды иштетүүсү эки учурда тең ушул Саясатка ылайык ишке ашырылат.

6.8. Колдонуучунун табыштамада өзүнүн маалыматтарын билдирүүсү жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Саясатта каралгандан башка учурларда Коомго бул маалыматтарга карата эч кандай кошумча милдеттенмелерди жүктөбөйт. Кызматка же өнүмгө табыштаманы жол-жоболоштуруу кызмат көрсөтүү же өнүмдү сатып алуу келишими болуп саналбайт жана колдонуучу кызматты же өнүмдү колдонуунун бардык эрежелери, анын ичинде мындай кызматтарды көрсөткөн жана өнүмдөрдү берген тиешелүү уюмдагы жеке маалыматтарды иштетүүгө тиешелүү эрежелер менен келишимге кол коюудан мурун өз алдынча таанышышы керек. Коомдун сервистеринде көрсөтүлгөн кызматтарды жана өнүмдөрдү сунуш кылган уюмдар жеке маалыматтарды иштетүүнүн натыйжалары боюнча колдонуучуга кызматты же өнүмдү көрсөтүүгө макулдук берүүгө же андан баш тартууга укуктуу.

6.9. Коомдун сервистери маалыматтарды, анын ичинде жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуучу, өзүнүн конфиденциалдуулук саясатын жетекчиликке алган башка уюмдардын сайтына шилтемелерди камтыйт. Колдонуучу башка уюмдардын сайттарын колдонууда алардын конфиденциалдуулук саясатын өз алдынча окуп чыгып, макул болушу керек.

6.10. Коомдун сервистерин колдонууда, Колдонуучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин сактоого милдеттенет. Эгерде Коом Колдонуучунун бул милдеттенмелерди бузгандыгын аныктаса, Коом өзүнүн тандоосу менен Колдонуучунун билдирмесин өчүрүүгө же ага Колдонуучу жасаган укук бузууларды жокко чыгаруучу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

7. Кардардык тутумда (cookies) сакталган идентификациялык файлдар

7.1. Коом кардардык тутумда сакталган идентификациялык файлдардын эки түрүн колдонот, алар кадыресе “cookies” же “куки” (мындан ары – “cookies”) деп аталат:

7.2 Тутумдун иштеши үчүн зарыл болгон Cookies файлдар.

Бул cookies файлдар Коомдун сервистерин колдонуу, сайтты кыдырып кароо жана сервистин туура иштөөсү үчүн зарыл. Аларсыз кызматтардын туура иштеши мүмкүн эмес. Мындай cookies файлдар сервистерди колдонуу менен жеке маалыматтардын субъектилеринин аракеттери жөнүндө маалыматты, анын ичинде ал киргизген маалыматты камтышы мүмкүн жана Конфиденциалдуулук саясатынын жоболоруна ылайык колдонулат. Бул cookies файлдарында сакталган маалыматтар Коомдун конкреттүү бир сервиси үчүн гана жеткиликтүү жана колдонуучу башка сайттарга/тиркемелерге киргенде эч кандай түрдө колдонулбайт. Коомдун сервистерин колдонуу менен колдонуучу өзүнүн компьютериндеги же башка түзүлүштөгү интернет-браузердеги тиешелүү стандарттык механизмдин жардамы менен сайттын cookies файлдарын сактоого макул болот.

7.3. Жарнамалык жана аналитикалык сервистер үчүн зарыл болгон Cookies файлдар.

Мындай cookies файлдарынын жардамы менен колдонуучу үчүн эң керектүү жарнама көрсөтүлөт жана сервистердин иштеши жөнүндө статистикалык маалыматтар чогултулат. Эрежеге ылайык, алар тиешелүү келишимдин негизинде, Коом өнөктөш болгон сервистер менен эсепке алынат. Мындай cookies файлдары жеке маалыматты камтыбайт, бирок, мисалы, жеке маалыматтардын субъектисинин кызыкчылыктарына эң ылайыктуу жарнамаларды көрсөтүү же коомдун иши жөнүндө жалпыланган статистикалык отчетторду даярдоо үчүн колдонуучунун өзүнүн алгоритмдеринин ишинде тиркемеге кирүү тарыхын жана статистикасын колдонушу мүмкүн.

Коомдун сервистерин колдонуу менен жеке маалыматтардын субъектиси Коомдун өнөктөшүнүн сайтындагы тескегич же колдонуучунун компьютериндеги интернет-браузеринде мындай cookies файлдарды сактоого тыюу салганга чейин Коомдун өнөктөштөрүнүн сервистери менен cookies файлдарын сактоого макулдук берет.

8. Жеке маалыматтарды иштетүү маселелери боюнча кайтарылма байланыш

Жеке маалыматтардын субъектиси ушул Саясаттын тексти тууралуу кошумча суроолорду же сунуштарды Коомдун сервистериндеги кайтарылма байланыштын формасы аркылуу же support@gibdd-pay.ru электрондук дарегине жазып жөнөтсө болот.

Жеке маалыматтарды иштетүү маселелери боюнча субъектилердин кайрылуусу үчүн байланыш дареги: citypay@internet.ru

Телефон: + 996 .. .. ..

Жеке маалыматтарды иштетүүнү уюштуруу үчүн жооптуу адам дайындалды.

Эгерде жеке маалыматтардын субъектиси Коом кандай жеке маалыматтарды иштетип жатканын билгиси келсе, Коом мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө берет.

Мындай маалыматты алуу үчүн жеке маалыматтардын субъектиси Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын 10-беренесинин 3-пункту менен караштырылган талапты аткаруу шартында төмөнкү ыкмалардын бири менен кайрылууга укуктуу:

• Тиешелүү арыз менен Коомго жеке кайрылуу.

• Коомдун дареги боюнча тиешелүү арызды жөнөтүү.

• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында тиешелүү арызды citypay@internet.ru электрондук почтага жөнөтүү.

Ошону менен бирге арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:

• Жеке маалыматтардын субъектисинин инсандыгын күбөлөндүргөн негизги документтин номуру, көрсөтүлгөн документтин берилген күнү жана аны берген орган жөнүндө маалымат.

• Жеке маалыматтардын субъектисинин Коом менен болгон мамилелерге катышуусун тастыктаган маалыматтар (келишимдин номуру, келишим түзүлгөн күнү, шарттуу аталышы жана/же башка маалыматтар) же Коомдун жеке маалыматтарды иштетүү фактысын тастыктаган башка маалыматтар.

• Кол тамгасы (электрондук арыз берүүдө – электрондук кол тамга).

9. Жөнөтүүлөрдү жүргүзүү саясаты

Билдирмелерди алуудан баш тартуу ар дайым ар бир email-билдирмелеринин төмөн жагында жеткиликтүү, ошондой эле Жөнөтүүчү колдонуучунун техникалык колдоо кызматына (citypay@internet.ru) кайрылганда билдирмелерди алуудан баш тартуу тууралуу өтүнүчүнө ар дайым жооп берип турат.

Тиркеменин тескегичинде Колдонуучуга жөнөтүүлөрдү бекиткен тескегичтер жеткиликтүү, мындай функциялардын жардамы менен жөнөтүүлөрдөн баш тартса болот.

Жөнөтүүчү транзакция-триггер билдирмелерин, маалыматтык билдирмелерди, ошондой эле жаңылык жана маркетинг билдирмелерин жөнөтө алат. Билдирмелердин жыштыгы колдонуучунун көптөгөн факторлорунан жана аракеттеринен көз каранды болушу мүмкүн, ошол эле учурда биз колдонуучуга ашыкча көлөмдөгү каттарды албашы үчүн акылга сыярлык аракеттерди көрүүгө убада беребиз.

Жеке маалыматтардын субъектилеринин жана башка жактардын кайрылууларын кароо үчүн, анын ичиде колдонуучуларды техникалык жактан колдоо үчүн Коомдун электрондук почтасынын дареги: citypay@internet.ru

Коомдун жайгашкан ордунун дареги “Терминдер жана аныктамалар” бөлүмүндө көрсөтүлгөн.

Телефон: +996 .. .. ..

«Сити Софт» ЖЧК ушул Конфиденциалдуулук саясатын мезгил-мезгили менен бир тараптуу жаңылантып турууга укуктуу. Чыгарылган күнү катары Саясаттын текстинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет. Эгерде сиз «Сити Софт» ЖЧК менен кандайдыр жол менен, атап айтканда (жана чектелбестен) Тиркеме аркылуу же сайттар аркылуу өз ара аракеттешсеңиз, Конфиденциалдуулук саясатынын учурдагы версиясына макул болосуз.