FAQ

МОБИЛДИК ТИРКЕМЕ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Мобилдик тиркеме Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (КР ИИМ ЖКККББ) бир же бир нече транспорттук каражаттарга жана/же айдоочу күбөлүктөргө берилген айыптарды текшерүү жана төлөө үчүн багышталган.
Мобилдик тиркеме ушул максатта укук бузуулар (жол кыймылынын айыптары) жөнүндө мамлекеттик маалымат базалары менен синхрондоштурулган жана сиздин айыптарыңыз жөнүндө актуалдуу маалыматтарды чагылдырат.
Интернет бар болсо, синхрондоштуруу тиркеме ачылган сайын, ошондой эле белгилүү бир тартип менен күн сайын, мобилдик тиркеме колдонулбаса дагы, ишке ашып турат. Мобилдик тиркеме сизди push-билдирмелеринин жардамы менен жаңы айыптар жөнүндө маалымдап турат. Ошентип, сиз өзүңүздүн бүгүнкү күндө актуалдуу карыздарыңыздарды көрүп турасыз.


Айыптарды кантип төлөсө болот?

Сиз айыптарды ушул мобилдик тиркеме аркылуу, ошондой эле КРдин ИИМинин ЖКККББнын айыптары боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөткөн банктардын бөлүмдөрүндө төлөй аласыз.
Мобилдик тиркеме аркылуу төлөөдө айыптар 3 жумуш күндүн ичинде жабылат. Ошол эле учурда сиз төлөмдү жүргүзгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктү аласыз. Дүмүрчөк тиркеменин колдонуу мөөнөтү бою сакталып турат. Сиз дүмүрчөктү электрондук почтага жөнөтө аласыз же аны басып чыгара аласыз.
Мобилдик тиркеме аркылуу айыптарды төлөө сиздин айыптарды төлөөңүздү тездетет жана өз убагында төлөбөгөндөгүңүз үчүн айып салуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.

Айыптарды төлөбөй койсом болобу?
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 кодексинин 563-беренесине ылайык унаа ээси айып салынгандыгы жөнүндө токтом күчүнө кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде айыпты төлөө боюнча милдеттендирилет.
Айыпты өз убагында төлөбөй коюу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 34-беренеси менен каралган укук бузуунун курамына кирет, ал жазалардын төмөнкү түрлөрүн караштырат:
•    туум;
•    транспорттук каражатты башкаруудан четтетүү.
Төлөнбөй калган учурларда айыптар мажбурлап төлөө үчүн соттук аткаруучулар кызматына өткөрүлүп берилет. Ошондуктан карыздарыңыздарды өз убагында төлөөгө чакырабыз.

АЙЫПТАРДЫ ТЕКШЕРҮҮ
Айыптарды айдоочулук күбөлүк менен текшере аламбы?
Ооба, айдоочулук күбөлүгүңүздөгү маалыматты терип киргизесиз, ал эми мобилдик тиркеме айдоочуга салынган айыптар жөнүндө маалыматтарды чыгарып берет.
Айыптарды транспорттук каражат боюнча текшере аламбы?
Ооба, транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматын жана каттоо номурун (унаанын номурлуу белгисин) терип киргизесиз, ал эми мобилдик тиркеме транспорттук каражатка салынган айыптар жөнүндө маалыматтарды чыгарып берип турат.
Бир эле учурда бир нече унаалар боюнча маалыматтарды кантип текшерсе болот?
Транспорттук каражаттардын маалыматтарын терип киргизесиз, ал эми мобилдик тиркеме сизди киргизген бардык транспорттук каражаттарыңыздарга берилген айыптардын бардыгы жөнүндө билдирип турат.
Айыптарды текшерүү кайсы областтарда иштейт?
Кыргыз Республикасынын бардык областтарында

АЙЫПТАРДЫ ТӨЛӨӨ
Айыптарды мобилдик тиркеме аркылуу төлөсө болобу?
Сиз мобилдик тиркеменин жана  Visa жана Master card карталарынын жардамы менен бир, бир нече же бардык айыптарды бир убакта төлөй аласыз. Ал үчүн айыптын экрандагы “Төлөө” баскычын басыңыз жана нускаманын талаптарын аткарыңыз.
Төлөмдөрдүн коопсуздугу кантип камсыздалат?
Пластик картасы менен төлөөдө төлөмдү иштетүү (анын ичинде картанын номурун терип киргизүү) пластик карталары боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу банктын стандарттуу жол-жоболору боюнча жүргүзүлөт. Маалыматтар PCI PSS (Payment Card Industry Data Security Standard – Visa төлөө тутумдары менен иштелип чыккан маалыматтарды коргоонун эл аралык стандарты) боюнча тастыкталган процессинг борборунда  катталат жана иштетилет.
Сиздин конфиденциалдуу маалыматтарыңыз (картанын реквизиттери, каттоо маалыматтары жана башкалар) бул сервиске/мобилдик тиркемеге кирбейт. Алардын иштетилиши корголгон жана эч ким, анын ичинде бул сервис/мобилдик тиркеме сиздин жеке жана банктык маалыматтарыңыздарды ала албайт.
Төлөм кайтарылган учурда акча каражаттар төлөм жүргүзүлгөн картага кайтарылып берилет.

ТӨЛӨНГӨН АЙЫПТАРДЫ ТӨЛӨӨ
Мен айыптарды төлөдүм, алар качан жабылат?
Акча каражаттар мамлекеттик органдардын эсептерине төлөнгөн күндүн эртеси түшөт. Андан кийин төлөм 3 жумушчу күндүн ичинде маалымат тутумдарында жабылат. Сейрек учурларда төлөмдүн жабылышы 14 жумушчу күнгө чейин созулушу мүмкүн.
Эгерде айыптарды төлөөгө мүмкүндүк болбосо, акча каражаттар автоматтык түрдө сиздин банктык картаңыздын эсебине кайтарылат. Эгерде каражаттар кайтарылбай калса, citypay@internet.ru электрондук почта аркылуу колдоо кызматы менен байланышыңыз керек.
Эгерде 14 жумушчу күндөн кийин айып “Төлөндү” статусуна өзгөрбөсө жана акчаңыз картаңызга кайтарылбаса, citypay@internet.ru электрондук почтасы аркылуу колдоо кызматы менен байланышууну суранабыз.

Мен төлөнбөгөн айыптардын тизмесинен банк же башка кызмат аркылуу мурда төлөнгөн айыптарды көрүп турам. Эмне үчүн?
Төлөмдү жүргүзгөн төлөм уюму КРдин ИИМинин ЖКККББнын мамлекеттик тутумдарында айыптарды төлөбөй койгон. Төлөмдү жүргүзгөн төлөм уюмуна кайрылууну сунуштайбыз.
Сейрек учурларда айыптарды мамлекеттик маалымат базаларында төлөө туура төлөнгөндөн кийин да өтпөй калат, бул маалыматтык тутумдардагы техникалык көйгөйлөргө байланыштуу.

БАШКА СУРООЛОР
Тиркемеде факты түрүндө төлөнбөгөн айыпты “Төлөндү” деп белгилесе эмне болот?
Айып факты түрүндө төлөндү деп эсептелбейт. Сиз айыптарды төлөндү же төлөнбөдү деп өзүңүздүн гана ыңгайлуулугуңузга карап белгилесеңер болот. Бул маалымат мамлекеттик маалымат базаларына берилбейт.
Тиркеме почта аркылуу берилген/кабыл алынган/бирок башка сервистерде көрүнгөн айыптарды көрсөтпөйт. Эмне үчүн?
Тиркеме жаңы айып жөнүндө маалыматты бир нече сааттан кийин, ал тууралуу маалыматтар КРдин ИИМинин ЖКККББнын базасына киргенден кийин көрсөтөт. Бирок айып жөнүндө маалымат ЖКККББнын базасына дайыма эле өз убагында түшө бербейт, өзгөчө кол менен жазылган протоколдор боюнча.
Мен тиркемеден айып жөнүндө маалыматты көрүп турам, бирок аны төлөй албай жатам. Эмне үчүн?
Айыптардын көбүн мобилдик тиркеме аркылуу төлөсө болот. Эгер айыпты төлөө мүмкүн болбосо, бул айып маалымат тутумунда катталбаганын билдирет.
Бул мобилдик тиркеме айып катталышы мүмкүн болгон башка базалар менен дагы синхрондоштурулган. Ошондуктан сиз аны мобилдик тиркемеден көрүп турасыз. Бирок ошол эле учурда мамлекеттик маалымат тутумунда катталбаган айыпты төлөө мүмкүн эмес.
Көпчүлүк учурларда айыптын катталышын бир нече күн күтүүгө туура келет.
Эгер токтом чыгарылган күндөн тартып 5 күн өткөндөн кийин айыпты төлөө мүмкүн болбосо, анда бул айып боюнча КРдин ИИМинин ЖКККББнын бөлүмдөрүнө кайрылууну, ал эми мобилдик тиркемеде айыпты “төлөндү” деп кол менен терип белгилөөнү сунуштайбыз.
Тиркеме айыпты көрсөтүп турат, бирок чындыгында ал жок. Эмне үчүн?
Сейрек учурларда КРдин ИИМинин ЖКККББнын бөлүмдөрү мамлекеттик тутумга маалыматтарды ката менен киргизишет. Ошондой эле унаанын мурунку ээсинин, эгерде ал бар болсо, маалыматтарын көрсөткөн учурлардын да болушу мүмкүн эмес экенин билдиребиз. Мындай бардык учурларда так маалымат алуу үчүн КРдин ИИМинин ЖКККББнын бөлүмдөрүнө  кайрылуу сунушталат.
Мобилдик тиркемени колдонуунун ыңгайлуулугу үчүн мындай айыпты “төлөндү” деп белгилей аласыз.
Кандай болгон күндө да, мобилдик тиркеме маалымат базасынын тутумунда төлөнбөгөн айыптарды төлөөгө мүмкүндүк бербейт, каражаттар автоматтык түрдө сиздин банк картаңызга кайтарылат.
Айыпты (-тарды) төлөө дүмүрчөгүн кантип алса болот?
Айып жөнүндө маалыматты кароо экранында (төлөнгөн бөлүгүндө) “Бөлүш” баскычын басып, почтаны тандап, e-mail дарегин терип киргизиңиз. Дүмүрчөк электрондук почтага келип түшөт.
Мен салынган айып менен макул эмесмин. Кантип талашсам болот?
Тилекке каршы, мобилдик тиркемени колдоо кызматы айыпты талашууда сизге жардам бере албайт, анткени мобилдик тиркеменин функциясы КРдин ИИМинин ЖКККББнын айыптары жөнүндө маалымдоо жана аларды төлөө менен чектелген.
Айыпты талашуу үчүн айып жөнүндө токтомду чыгарган КРдин ИИМинин ЖКККББнын бөлүмдөрүнө кайрылууну сунуштайбыз.
Кээ бир айыптар менин тиркемемде көрүнбөй жатат. Эмне үчүн?
Мобилдик тиркемеде айыптардын жок болушунун мүмкүн болгон себептери:
•    Айып мамлекеттик базага кире элек. Айыпты маалымат базасына
киргизүү процесси айып салынган учурдан тартып бир нече күнгө созулушу
мүмкүн.